Чүй облусунун Аламүдүн районунда согуш гранатасы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-март күнү жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде РГД-5 үлгүсүндөгү 2 даана жана Ф-1 үлгүсүндөгү 1 даана граната табылган. Ошол эле күнү табылган гранаталар зыянсыздандырылган. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.