Бишкекте "үй салып берем" деп 421 миң сом акча каражатты алып, изин суутуп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 48 жаштагы М.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда Андрей жана Кайрат аттуу чала тааныштары былтыр июль айында үйүнүн курулуш иштерине 421 миң сом алып, изин суутуп кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн рейддин алкагында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы К.К. аттуу жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча бардык материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.