Чек арачылар тарабынан кыргыз жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыргыз жараны 14-март күнү “Чалдыбар-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынан кармалган. Анын паспортун текшерүү учурунда жасалма экендиги аныкталган. Ал Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.