Борбордо бейбаштыкка шектелип жашы жете элек 3 бала кармалды

Борбор калаада бейбаштыкка шектелип жашы жете элек 3 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 63 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз 3 жаш бала Тынчтык тар көчөсүндө жайгашкан мейманкананын айнегин талкалап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 11 жаштагы К.А., Ч.И. жана С.А. аттуу балдар кармалышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 
  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан