Чүй облусунда бункерге түшүп кеткен эки жаранга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 12:00 чамасында Москва районунун Беловодск айылында жайгашкан “Москва” ун комбинатынын эки кызматкери бункерге түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, аларды бункерден чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.