Ысык-Көл. Бала бакчанын имараты шаарга кайтарылды

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окумуштуулар Кеңешинин чечими менен окуу жайга тиешелүү аскер кафедрасы жайгашкан мурдагы бала бакчанын имараты шаардын балансына кайрадан өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу маалыматты вице-мэр Көлбай Карасартов билдирди. Анын айтымында, имарат 200-300 орундуу бала бакчага ылайыкталган. Аны оңдоп-түзөп, бөлмөлөрүн ыңгайлаштырууга көп каражат талап кылынары турган иш. "Бала бакчаны ишке киргизүү маселеси 2013-жылдын бюджетине киргизилип, оңдоп-түзөөгө кетүүчү чыгымдары чечилсе, бул бакча бөбөктөрдү келерки жылда кабыл алып калат",- дейт вице-мэр.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан