Nvidia компаниясынын директорлор кеңеши башкы директор Женсен Хуангдын ордуна британдык Arm компаниясынын жетекчиси Рене Хаасты талапкер катары карап жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Nvidia компаниясынын директорлор кеңеши мүмкүн болгон мураскерди издөө алкагында Рене Хаас менен байланышкан.

Хаас 2022-жылдан бери SoftBank колдогон Arm компаниясын жетектеп келет. Ал буга чейин 2006-2013-жылдары Nvidia компаниясында иштеген жана Хуанг менен жакшы мамиледе экени айтылат.
Басылманын булактарынын маалыматына караганда, Хаас Nvidia компаниясынын жетекчилик кызматына каралып жаткан бир нече талапкердин бири. Бирок бул кызмат ага сунушталары же ал сунушту кабыл алары азырынча белгисиз.
Учурда Nvidia компаниясынын жетекчисинин милдетин каржы директору Колетт Кресс убактылуу аткарууда.