Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чоң-Арык - Фёдоровка унаа жолунда болгон. Анда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол боюндагы чоң даракты сүзгөн. Натыйжада унаанын 6 жүргүнчүсү, анын ичинде 13 жаштагы бала жаракат алды. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.