Бүгүн, 17-мартта парламенттин
Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Гүласал Садырбаева Маданият, маалымат жана туризм министрлигин музейге келүүчүлөр тарабынан түшкөн акчаны көзөмөлдөөгө чакырды.
Анын айтымында, музейге келгендер акча төлөшөт, бирок айрым музейлерде акчанын төлөнгөнү боюнча дүмүрчөк беришпейт. "Мисалы, "Ата-Бейиттеги" музейге кирүү үчүн 200 сом төлөш керек. Мекеменин кызматкерлери бир дептерге жазарын айтышып, квитанция беришпейт. Күнүнө 100 чакты адам келсе, музей 2 миң сом табат. Бул акча каякка жумшалат? Муну көзөмөлдөө керек",- деди депутат.