Биз социалдык тармакта

Бишкекте 273 метр кабель уурдаган шектүү кармалды

Бишкек шаарында 273 метр кабель уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, С.А. аттуу жаран, Жаштар аллеясындагы фонтандын аймагынан жалпы узундугу 273 метр болгон кабелдер жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылды.

Бул факты боюнча 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1989-жылы туулган Л.П. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 60 миң сомду түздү. Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан