Биз социалдык тармакта

Тарыхый чечим: 2028-жылкы футзал боюнча Азия Кубогу Кыргызстанда өтөт

Кыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Малыматка караганда, мындай чечим Тайланддын Пхукет шаарында өткөн Азия Футбол конфедерациясынын Футзал жана кум үстүндөгү футбол боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Азия Кубогу 2028-жылы 24-январдан 6-февралга чейин болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстан футзал боюнча Азия Кубогунун финалдык баскычын тарыхта биринчи жолу кабыл алат. Ал эми футзал боюнча улуттук курама команда Азия Кубогундагы эң жогорку жетишкендигине 2005-жылы жетип, коло медалга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан