КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева кыргыз өлкөсүнүн 2020-жылга чейинки маданиятты өнүктүрүү программасынын долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Иш-чарада КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери, министрликтин алдындагы мекеме жетекчилери жана маданияттын өкүлдөрү программанын тармактык багыттары тууралуу айтып беришти.
Аталган программа биринчи жыйында берилген эскертүү, сунуштарды эске алуу менен иштелип чыккан. Программанын өзөгүн театр-оюн-зоок, китепкана, музей ишмердүүлүгү, кинематография, “Манас” эпосун сактоо жана жайылтуу, архитектура эстеликтерин сактоо жана искусство жаатындагы профессионалдык билим берүү ишмердүүлүгү боюнча маселелер түзөт.
Программа вице-премьер-министр тарабынан кабыл алынды. Д.Ниязалиева аталган документ республикалык бюджеттен маданиятты өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттын алкагында гана ишке ашарын белгиледи. Вице-премьер маданият ишмерлери жана мекеме жетекчилеринин өз аракети менен аталган программаны 30 пайызга иш жүзүнө ашыруу мүмкүн экенин, бул жалпы иштин орчундуу бөлүгү болуп каларын билдирди.
Жыйын жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейинки маданиятты өнүктүрүү боюнча программасын ишке ашыруудагы иш-чаралардын планын даярдоону тапшырды.