Орусиянын Тверь облусунда автобус айдоочусу болуп иштеген кыргыз өлкөсүнүн жаранын 15 жылдык түрмө жазасы күтүүдө. Муну 16-мартта орусиялык телеканалдар жарыялашып, анын катышуусунда болгон окуяны байма-бай көрсөтүштү. Айтылгандарга таянсак, окуя төмөнкүдөй болгон:Кыргыз мамлекетинен барган мигрант өзү айдап бара жаткан автобустагы жүргүнчүлөрдүн бири менен чатакташып кеткен. Айдоочу телефондо сүйлөшүп баратып жүргүнчүнүн автобусту токтотуу өтүнүчүн укпай калган. Чатак ушундан башталган. Жүргүнчү кийинки аялдамада унаадан түшүп бара жатып автобустун күзгүсүн сындыра урган. Мындан кийин айдоочу автобусту айдап барып, тротуарда бараткан жанагы жүргүнчүнү сүзгөн.
Жабырлануучу ооруканага жеткирилгени айтылды.
Видеотасмада айдоочу кыргыз мамлекетинде коомдук унаа айдап жүргөнүн, Тверь облусуна келип автобус айдай баштаганына 3 айдан ашканын айтты. Жүргүнчүнү атайлап сүзбөгөнүн, алдыдан чыга калган автоунаадан качам деп тротуарга чыгып кеткенин кошумчалады. Айдоочу адам өлтүрүүгө аракет кылуу кылмышы боюнча айыпталууда. Сот аны күнөөлүү деп тапса, 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экени жарыяланды.