Маалымат булактарындагы "Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургга президент Владимир Путин менен жолугушууга барардын алдында Кишинёвго расмий эмес иш сапары менен барды" деген маалымат боюнча президенттик аппарат билдирүү жасады. "Азыр президент Алмазбек Атамбаевдин Кишинёвдогу расмий эмес жолугушуусу тууралуу комментарий берүүнүн мезгили келе элек, бирок бир нерсени ырастайм: бул жолугушуу президенттин бардык ишмердүүлүгү сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын көздөйт".
Мындай пикирди КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков 17-мартта билдирди. "Жыйынтыгында мунун баары кыргыз мамлекетинин эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө болоруна ишенем",- дейт Исаков.