Бишкекте чет өлкөлүк жарандарды карактап жүргөндөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине чет өлкөлүк эки жаран кайрылган. Анда алар белгисиз үч бала бычак менен коркутуп, акчасын алып кетишкенин айтышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жана 21 жаштардагы үч бала кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүүлөр тергөө абагына киргизилди. Алардын ушул сыяктуу бир канча фактыга тиешеси бар экени аныкталган.