Борбор калаада алдамчылыкка шектелген 19 жаштагы жаран кармалды

Борбор калаада алдамчылыкка шектелген 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 23 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал ноутбук сатып алуу үчүн акчасын берип, бирок акчасынан да, ноутбугунан да айрылып калганын айткан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн "Каракчы" рейдинин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан