“Кыргызнефтегаз” ишканасынын чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкана 2014-жылдагы жүгүртүүнүн көлөмүн азайтуу менен 10,5 миллион сомдон ашык салыкты төлөгөн эмес. Ошону менен бирге “Кыргызнефтегаз” ишканасы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жер мыйзамын да одоно бузган. Мындан улам мамлекетке 105 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.