Бишкектеги жол кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түнү Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Хонда Фит унаасы менен Лексус 470 унаасы сүзүшкөн. Анын эки кесепетинен эки айдоочу жана төрт жүргүнчү жабыркаган.