Нурлан Дүйшөмбиев кыргыз мамлекетинин башкы прокурорунун орун басары – аскердик прокурор болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 17-мартта президенттик аппараттан билдиришти. Эскерте кетсек, буга чейин аскер прокурору кызматын аркалап келген Марат Эшперов 13-мартта кызматтан бошотулган.