Абдылдажан Акматалиев: “Жогорку бийликтеги бардык документтер бир жерден которулушу керек”

Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 17-марттагы жыйынында тил маселеси каралды. Белгилүү академик Абдылдажан Акматалиев кыргыз тилин колдонууну кеңейтүүнү борбор шаардан баштоону сунуштады. Жогорку окуу жайларда мамлекеттик тил боюнча кафедраларда окутуу программасы эскирип бүткөнүн белгилеп: "Баягы эле синтаксис, баягы эле фонетика, баягы эле үндүү-үнсүз болуп келе жатат. Эмдигиче мамлекеттик тилди ЖОЖдордо окутуунун программасы дыкат иштелип чыга элек”,- деп билдирди Акматалиев.

Окумуштуу котормо боюнча бир систем жоктугун кошумчалады. “Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн ортосунда борборлоштурулган бир эле котормо-лингвистикалык бөлүм болушу керек. Ошондо иш жыйынтыктуу болот”,- дейт адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан