Тайырбек Сарпашев: "Аксы окуясы - кыргыз жеринде демократиялык өнүгүүгө бурулуш жасаган кадамдын символу"

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Боспиек айылында Аксы окуясынын 13 жылдыгына арналган эскерүүгө катышты. Өкмөт мүчөсү Аксы окуясынын мамлекетти башкаруу формасын өзгөртүүгө чоң салым кошконун белгиледи.

“Президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдагы жарлыгына ылайык, 17-мартты Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгилөө кабыл алынган. Аксы окуясы кыргыз мамлекетинде демократиялык өнүгүүгө бурулуш жасаган кадамдын символу болуп калды. 17-мартта өлкөнүн бардык аймагында Аксы окуясы эскерилип, мектептер менен жогорку окуу жайларда окуучуларга, студенттерге атайын сабактар өтүлүп жатат. Эгемендүү элибиздин эркиндиги үчүн жалтанбай ажалга түз барып, кыргыз өлкөсүнүн келечегин өлбөс кылып, өмүрүн берген биздин эр-азаматтарыбыздын жасаган эрдиги мекенибиз үчүн таза жана ак дилден кызмат кылууга багыт берди",- деп билдирди Сарпашев. 

Өкмөттүн билдиришинче, биринчи вице-премьер өлкөдө энергетикалык көз карандылыктан чыгууга багытталган ири долбоорлор аткарылып жатканын, аны аягына чыгарууга тынчтык, биримдик жана ынтымак керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан