Дамира Ниязалиева: "Өкмөт журналисттер тараптан туура айтылган сынды кабыл алууга даяр"

Өкмөт өлкөдөгү жашоону жакшыртууга багытталган сунуштарды алуу үчүн туура айтылган сынды кабыл алууга даяр. Муну вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 17-мартта ММК өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. "Жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамлекеттик органдардын мамилеси курч жана көйгөйлүү маселе. Бүгүнкү күндө медиакоомчулук жана мамлекеттик түзүм өкүлдөрүнүн ортосунда үзгүлтүксүз диалогду уюштуруу зарыл",- деди өкмөт мүчөсү. 

Ниязалиева жалпыга маалымдоо каражаттары өкмөттүн колундагы байланыш түзүүнүн баа жеткис булагы экенин, бирок өкмөт аны натыйжалуу пайдалана албай жатканын белгилеп: “Өкмөт мамлекеттик маалыматтык саясатты жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күчүн жумшоодо",- деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан