"Коопсуз шаар" долбоору үзгүлтүккө учураса, күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылары айтылды

"Коопсуз шаар" долбоору үзгүлтүккө учураса, кызматтык милдеттерди так аткарбоо же коррупциялык фактылар аныкталса, күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат",- деди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев. Бул сөзүн вице-премьер аталган долбоор боюнча өткөн кеңейтилген жыйында айтканын бүгүн, 17-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маматалиевдин айтымында, өкмөт жарандардын коопсуздугу үчүн "Коопсуз шаар" долбоорун тезирээк ишке ашырууга кызыкдар. Ички иштер министри Мелис Турганбаев долбоор боюнча тендер жүрүп жатканда эреже бузуулар болгонун билдирсе, Экономика министрлигинин статс-катчысы буга каршы чыгып, тендер мыйзамга ылайык өткөндүгүн айтты.

Талкуунун жыйынтыгында ИИМге тендердеги жеңүүчү компания менен келишимди Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын эске алуу менен түзүү милдети тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан