Чүй облусунун тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 1973-жылы туулган М.Ивандын үйү текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында 2 килограмм 84 грамм героин алынган. Учурда ал жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.