Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Кара-Жыгач айылынын К.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал үстүбүздөгү жылдын 20-январында үйүнө белгисиз эки адам кирип, катуу сабап, 57 миң сомдук буюмдарын алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган Эрмек жана Арген кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.