Кыргыз жеринде мамлекеттик сатып алуулар системин реформалоонун башкы максаты - коррупция менен күрөшүү. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 17-мартта Дүйнөлүк банктын өкүлү Роберт Хунжа менен жолугушууда билдирди. Оторбаев учурда бул тармакта баары идеалдуу деп айтуу кыйын экенин белгилейт. "Бирок бизде реформаларды жасоого саясий эрк жетиштүү. Өнөктөштөрдөн керектүү жардамды алуу менен алдыга жылабыз",- деди өкмөт жетекчиси.
Премьер-министр "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КРнын жаңы мыйзамын иштеп чыгууга Дүйнөлүк банктын көрсөткөн колдоосу маанилүү экенин белгиледи. Айта кетсек, аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 18-февралында кабыл алган.