Депутаттар "башканы коюп, биринчи өзүбүз кыргызча сүйлөйлү" дешти

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Казакстанда казак тилин өнүктүрүү аракети кыйынчылыктар менен коштолгонун 17-мартта парламентте тил көйгөйү талкууланып жатканда билдирди. Казакстандын эли башында орус тилине берилип, кийинчерээк гана казак тилин колдонуу жогорку деңгээлге чыкканын айткан депутат тилге болгон муктаждыкты, зарылчылыкты жаратуу керектигин айтат. “Андыктан кыргыз тилин үйрөнүүгө зарылчылык жаратып, маектешүүнүн баарында өзүбүз кыргыз тилинде сүйлөшүбүз керек. Өзүбүз сүйлөй албасак, анан кантип башкалардан талап кылабыз?”- дейт Орозова. 

Депутат расмий жолугушууларды кыргыз тилинде гана өткөрүү керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан