Сириядан кайтып келген кыргыз жарандарына карата жалпысынан 47 кылмыш иши козголуп, 50дөн ашык адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын ноябрь айында Ош облустук соту Сириядагы согушка катышып келген 8 адамга карата өкүм чыгарып, алар 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылган. Ошондой эле дагы 8 адамдан турган топтун иши сотко өткөрүлгөн.
Айта кетсек, бүгүнкү күндө 200дөн ашык кыргыз жараны Сириядагы согушка катышууда. Алардын арасында жаш балдар, аялдар да бар.