Бишкекте 19-мартта Эл аралык тил жана маданият фестивалы өтөт. Ага катышууга келген чет мамлекеттин жаштары 17-мартта кыргыз парламентинде болуп, депутат Роза Акназарова менен жолугушту. Депутат башкаруунун парламенттик-президенттик формасы, Жогорку Кеңештин жана анын комитеттери менен фракцияларынын иши тууралуу маалымат берди. Айта кетсек, аталган фестивалга катышуу үчүн Беларусь, Тажикстан, Грузия, Монголия, Танзания, Косово, Румыния, Филиппин, Индия, АКШ, Орусия, Түркия жана башка өлкөлөрдөн жаш активисттер келген. Жаштар тобу жолугушуудан кийин Жогорку Кеңештин имаратына экскурсия жасаганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.