Бүгүн, 18-мартта п
арламентте мектеп, оорукана, коомдук тамактануучу жайлардын жана башка социалдык мекемелердин аймагында курал сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда.
Талкууда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Бишкектеги мектептердин биринин аймагында курал сатуучу жайды ачууга лицензияны ИИМдин кайсы органы бергенин айта алган жок. "Бул боюнча иликтөө жүргүзүү керек. Курал сатуучу дүкөн ачуу боюнча лицензияны ИИМ берет. Ал эми анын кайсы жерде жайгашарын жергиликтүү бийлик чечет. Аталган мыйзам кабыл алынган соң өлкөдөгү бир эле дүкөн жабылат. Бирок мындан ары социалдык мекемелерде курал сатуучу жай ачууга тыюу салынат. Бул демилгенин артында эч кимдин жеке кызыкчылыгы жок",- деди Асанов.