Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган кызматкер индиялык үч студентти "депортация кылам" деп коркутуп, 1200 доллар талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер 800 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.