Өлкөдө 2 жылдан бери Даун илдетине чалдыккан балдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган долбоор иштеп келет

Кыргыз Республикасында биринчи жолу Даун илдети менен ооруган балдар үчүн бала бакча ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-март күнү маалымат жыйынында "Жакшылыктын нуру" коомдук бирикмесинин мүчөсү болгон Наталья Королева билдирди. Анын айтымында, жеке бала бакчанын түзүмүндө инклюзивдүү топ ачылды. 
"Топто 28 бала тарбияланып жатат, алардын жыйырмасынын ден соолугу чың болсо, калган сегиз бала Даун синдрому бар наристелер. Бул долбоор 2 жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 100 пайызынын өнүгүүсүндө жылыш байкалган",- деди Даун илдети менен ооруган баланын энеси.

Маалымат үчүн: Даун синдрому бар адамдар башкалардан хромосомалардын саны менен айырмаланышат. Кадыресе адамдарда 46 даана хромосома болсо, аларда 47 хромосома бар. Алгачкы жолу бул илдетти 1866-жылы англиялык дарыгер Жон Даун аныктаган. Ошондон бери бул синдром анын атын алып жүрөт. Ал эми Даун менен жабыркаган адамдардын биринчи эл аралык күнү 2006-жылдын 21-мартында белгиленген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан