Мамлекеттик салык кызматы: Салык жыйноо боюнча 2 айлык план 102 пайызга аткарылды

2015-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 7 миллиард 540 миллион 300 миң сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулган. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта аталган мекемеден билдиришти. План 102,1 пайызга же 117 миллион 700 миң сомго ашыгы менен аткарылганы айтылды. "Өткөн жылдын эки айына салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 714 миллион 300 миң сомго же 10,5 пайызга жогорулады",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан