2 жаштагы баланын окуясы боюнча кармалган туугандарына "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып тагылды

Чүй облусунда 2 жаштагы баланын катуу сабалып, зордукталганы боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нургүл Нусупова билдирди. 

"Бул окуя боюнча тергөө амалдары Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Кылмышка шектүү катары кармалган эки жаранга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”, “адамды өлтүрүүгө аракет кылган” жана “кылмыш далалаты” беренелери боюнча айып тагылып, 16-март күнү козголгон кылмыш ишинин материалдары Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлдү",- деди Н.Нусупова. 

Айта кетсек, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bektur2
2015-03-18 12:11:22
Кайсы айып,берене тагылса да катуу жазалашсын. Мальвина Уметбековна баланын ден-соолугу кандай болуп калгандыгы жонундо маалымат берип койгулачы
+4
aikakg
2015-03-18 13:01:30
ii degi ele emne bolup baratavyz???uwu jawy jete elek,kenedei kyz jon ele 4onoiso bolboit da...sozsuz turdo tiiiwiiw kerek da toboo
0
uulay
2015-03-18 14:27:51
aikakg, кыз эмес уул бала болуп жатпайбы болгондо да...Аты Ибрагим.
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2015-03-18 17:05:59
Азыр абалы кандай болуп калганын жазып коюшса болмок экен.
0
Arslana
2015-03-18 17:13:50
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a,
вообще то жазып коюшкан. эки жакты карабай эле карайлай бербегилечи
http://www.super.kg/kabar/news/105351/
0
karona
2015-03-18 17:23:24
Мыкаачыларды да оздоруно окшотуп кордош керек, и вообще, ташбаранга алыш керек.
0
papanstan
2015-03-19 13:45:42
Ужас жазага тартылсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан