Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңеш административдик укук бузгандарга карата администрациялык камак колдонууда гумандуулук принциптерин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда карады.
Долбоорго ылайык, администрациялык камоо жөнүндө токтомду аткаруу администрациялык камоого дуушар болгон адамдын администрациялык камоодо болуусуна тоскоолдук кылуучу дарты бар экендиги тууралуу медициналык корутундунун негизинде же өзгөчө жеке жагдайлар (мисалы, жакын тууганы катуу ооруп калган же каза болгон) келип чыккан учурда судья тарабынан 3 суткалык мөөнөткө чейин токтотула турары каралган. Мында эркиндикке убактылуу жиберилген жаран администрациялык камоодо болуу ордуна белгиленген мөөнөттө кайтып келүүдөн баш тартса, ал 10 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартуу менен 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камак түрүндө жоопкерчиликке тартылат. Административдик жаза-чаранын ушундай эле түрүн администрациялык камоодо болуу ордун өзү билемдик менен калтырган адамдар үчүн да белгилөө сунуш кылынат.
Талкууда айрым депутаттар административдик жаза аткарууда болгон жарандарды бошоткон тиешелүү кызматкерлердин дагы жоопкерчилиги болушу керектигин талап кылышты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.