Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Нарындагы касапканаларды текшерди

Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Нарын шаарындагы касапканаларды текшерди. Бул тууралуу 18-мартта аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди. "Нарын шаарындагы касапканаларга, эт сатуучу жайларга жана жалпы тамактануучу жайларга мониторинг жүргүзүлүп, ага Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын облустук бөлүмүнүн жана Нарын райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери да катышты. Эшек эттерин сатуу же колдонуу фактылары болгон жок",- деп билдирет мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан