Кыргыз жеринде жылына 27 100 сом киреше таппаган адам жакыр деп эсептелет

Кыргыз мамлекетинде калктын 37 пайызы жакырчылыкта жашайт. Муну парламенттин 18-марттагы жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө өтө жакыр жашагандар калктын 2,8 пайызын түзөт. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат берген Осмоналиев: "Бир адамдын жылдык кирешеси 16 000 сомго жетпесе, анда ал киши өтө жакыр деп эсептелет. Ал эми 1 жылдык кирешеси 27 100 сомго жетпегендер (1 айлык кирешеси 2258 сомдон ашпагандар) жакыр жашайт деп саналат",- деп билдирди. 
Депутаттар Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын көбү жалган экенин, реалдуу турмуштан алынган сандар айтылбай жатканын билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан