Кыргыз өкмөтү менен Эл аралык реконструкциялоо, өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууга ылайык, Улуттук статистика комитетине берилчү каражатка байланыштуу мыйзам долбоору парламенттин 18-марттагы жыйынында каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Аталган комитеттин төрагасы Акылбек Осмоналиевдин айтымында, донорлор тарабынан 2,5 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүү пландалган. Бул каражат 4 багытта жумшалмакчы:
1) статистиканы уюштурууну жакшыртуу;
2) технологиялык потенциалды
күчөтүү, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, статистикалык
инфратүзүмдү жаңыртуу жана кеңейтүү;
3) статистикалык маалыматтарды өндүрүүнү
жана жайылтууну модернизациялоо;
4) статистика чөйрөсүндөгү интеллектуалдык жана
адам потенциалын бекемдөө сыяктуу Кыргыз Республикасынын статистикасын
өнүктүрүү стратегиясынын негизги компоненттерин колдоо.