Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бүгүн, 18-мартта парламентте Бишкек шаарындагы №84-орто мектептин окуучулары менен жолугушуп, аларга билим берүү жаатындагы Жогорку Кеңештин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.
Иманалиев азыркы ааламдашуу доорундагы аламан жарышта атаандаштыкка жарамдуу улут катары калыптануу зарылдыгын белгилеп, жаштарды терең билим, татыктуу тарбия алууга чакырды. "Азыр атаандаштык күч алды. Анда духу күчтүү, жан дүйнөсү бай улут гана утушка ээ болот. Айрым улут мунайзатка таянып өнүгүүнү көздөсө, кыргыз жаштары акыл-эске таянып өсүү менен, позитивдүү ой жүгүрткөнгө үйрөнүшү керек. Жакшы тилек, жагымдуу мамиле, иштиктүү аракет өлкө келечегин оӊ жолго салат",- дейт депутат.
Парламенттин басма сөз кызматына таянсак, депутат окуучулардын Евразиялык экономикалык биримдиктин өзгөчөлүктөрү менен жакшы жактары, миграциянын абалы тууралуу суроолоруна жооп берген.