Расмий катталган жумушсуздардын саны 2015-жылдын февраль айынын соңунда 59,1 миң адамды түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга өстү. Бул тууралуу 17-мартта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында орточо эмгек акынын реалдуу азайышы 2015-жылдын январында 2,7 пайызды түздү. Номиналдык туюнтууда орточо айлык эмгек акы 11 689 сом деңгээлинде түзүлдү.
Тышкы соода жүгүртүү 2015-жылдын январында 426,3 миллион АКШ долларын түзүп, 2014-жылдын январына салыштырмалуу 16,4 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт 145,6 миллион АКШ долларына (көбөйүү 15,6 пайызга), импорт 280,7 миллион АКШ долларына (төмөндөө 26,9 пайызга) азайды.
Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн чоңоюп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 47,7 пайызга азаюу менен 135,1 миллион АКШ долларын түздү.