Дүйнөдөгү эң популярдуу америкалык басылмалардын бири "The Wall Street Journal" гезити 17-марттагы жаңы санында Кыргыз Республикасы менен Орусиянын президенттеринин сүрөтүн чыгарды. Басылмадагы макаланын маңызы Орусиянын экономикасы тууралуу болуп, ага Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин 16-мартта Санкт-Петербургда өткөн жолугушуусунда тартылган сүрөт колдонулган. Сүрөт Орусия лидеринин 11 күн коомчулукка чыкпай, анын ден соолугу тууралуу түрдүү ушактар тарап, жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунан кийин жарыяланды. Муну кыргыз жериндеги интернет колдонуучулар жакшы жышаан дешип, муну менен Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы аброю көтөрүлөрүн талкуулашууда. Узак мөөнөткө көрүнбөй кеткен Путин коомчулук алдына кыргыз мамлекетинин башчысы менен чыгууну туура көргөн. Албетте, бул учурда дүйнө коомчулугунун көзү Путинде болчу.