Бүгүн, 18-мартта кыргыз өкмөтү менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууга ылайык, Улуттук статистика комитетине берилчү каражатка байланыштуу мыйзам долбоорун парламент жактырды. Айта кетсек, донорлор тарабынан аталган комитетке 2,5 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүү пландалган. Бул каражат 4 багытта жумшалмакчы:
1) статистиканы уюштурууну жакшыртуу;
2) технологиялык потенциалды күчөтүү, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, статистикалык инфратүзүмдү жаңыртуу жана кеңейтүү;
3) статистикалык маалыматтарды өндүрүүнү жана жайылтууну модернизациялоо;
4) статистика чөйрөсүндөгү интеллектуалдык жана адам потенциалын бекемдөө сыяктуу Кыргыз Республикасынын статистикасын өнүктүрүү стратегиясынын негизги компоненттерин колдоо.