Малайзиянын падышасы кыргыз элине жакшы каалоо-тилектерин айтты

18-мартта Куала-Лумпур шаарындагы Истана Негара падыша сарайында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султанов Малайзиянын падышасы Янг ди-Пертуан Агонгу Туанку Аль-Хаж Халим Муадзам Шах ибни Альмурхум Султан Бадлишах XIVгө Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Падышанын кабыл алуусунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө болгон алгылыктуу аракеттер белгиленип, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү ниети айтылды. 

Элчи кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүнүн потенциалы чоң экенин белгилеп, Кыргыз Республикасы менен Малайзияны байланыштырган нерселер көптүгүн айтты.  

"Малайзиянын падышасы Кыргыз Республикасынын Президентине жана кыргыз элине жакшы каалоо-тилектери менен бирге салам жолдоду. Ошондой эле Малайзия Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келгенин кошумчалап, мындан ары эки тараптуу мамилени чыңдоого колдоо көрсөтөрүн билдирди",- деп айтылат маалыматта.

Абдул Халим Муадзам Шах (толук аты - Янг ди-Пертуан Агонгу Туанку Аль-Хаж Халим Муадзам Шах ибни Альмурхум Султан Бадлишах) 1927-жылы Кедах султанатында туулган, учурда дүйнөдөгү эң улгайган падыша. Ал Малайзияда эки жолу такка отурган жалгыз падыша болуп саналат. Дүйнө жүзүндөгү мамлекет башчыларынын арасында жаш курагы боюнча эң улуу башкаруучу бир катар мамлекеттик жана чет элдик сыйлыктардын ээси. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан