Асылбек Жээнбеков "мындан ары шайлоолордо бюллетендерди түнү менен өрттөөлөр болбойт" деди

"Мындан аркы шайлоолордо бюллетендерди түнү менен өрттөп, таң аткыча башка бюллетендерди даярдап коюулар болбойт",- деп билдирди Жогорку Кеңештин 18-марттагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков. Депутаттар парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүү тартибин өзгөртүү, жаңы технологияларды колдонуу жол-жобосун талкуулашууда. Төрага 2010-жылга чейинкидей шайлоо мыйзамдарын бузуулар болбой турганын айтты. "Демилгени колдойлу, шайлоонун ачыктыгы үчүн ушундай кадамдар жасалууда. Билесиңер да, мурунку шайлоолордо түнү менен бюллетендерди өрттөп жок кылышып, эртең мененкиге башка жыйынтык чыгарып коюшчу. Ушундай болбосун деп аракет кылып жатабыз. Буюрса, шайлоо өткөрүү боюнча бул чөлкөмдө алдынкылардан болобуз",- дейт Жээнбеков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан