Асылбек Жээнбеков Катардын кыргыз мамлекетиндеги элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-мартта Катар мамлекетинин кыргыз жериндеги элчиси Мохамед бин Арар аль-Наимини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жээнбеков Катар менен эки тараптуу кызматташтык мамилелер акыркы жылдары жанданып жатканын айтып, былтыр декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин Катарга жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыгына жогору баа берди.

"Бул иш сапардын жыйынтыгында ар түрдүү тармактар боюнча 8 эл аралык келишимге кол коюлган. Мындай макулдашуулар саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын кеңейишине кыйла түрткү бергенине ишенем",- дейт Жээнбеков.

Элчи өз мамлекетинин кыргыз мамлекети менен кызматташууну бекемдөөгө болгон кызыкчылыгын, кыргыз жергесинде иштеген маалында кыргыз-катар мамилелерин бекемдөөгө багытталган өлкөлөр ортосундагы 13 макулдашууга кол коюлгандыгын билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан