Депутаттар "кийинки шайлоодо парламентке жалаң олигархтар өтүшү мүмкүн" деп чочулашууда

Келерки парламенттик шайлоодо саясий партиялар үчүн күрөөнүн көлөмү 5 миллион сомго көтөрүлсө, кийинки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары жалаң олигархтар болушу мүмкүн. Мындай пикирди бүгүн, 18-мартта парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, күрөөнү 500 миң сомдон 5 миллион сомго чейин көтөрүү орто кирешелүү жарандардын парламентке келишине тоскоолдук жаратат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов партиялар үчүн күрөөнүн көтөрүлүшүнүн себебин түшүндүрдү. "Эгер парламенттик шайлоого 10 чакты партия катышса, жалпы төгүм болжол менен 50-60 миллион сомду түзөт. Шайлоонун жыйынтыгында 5-6 партия өтсө, алар өз күрөөлөрүн кайра ала алышат. Мыйзамга ылайык, биз бардык партияларга телеканалдагы, радиодогу берүүлөрдөн эфирдик бекер убакыт беребиз жана бюллетендерди басып чыгарабыз. Мунун баарына акча керек. Мындан тышкары шайлоо күнү шайлоо аймактарында иштегендерге өкүлдөргө миң сомдон төлөөнү пландап жатабыз",- деп жооп берди Абдраимов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан