Алмазбек Атамбаев Орусия президентинин атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 18-мартта Эл аралык маданий кызматташуу боюнча Орусиянын президентинин атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды. Жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы маданий-гуманитардык тармакта кызматташуу, эки өлкөнүн элдеринин маданий жана тарыхый жалпылыгын эске алуу менен маданият аралык өз ара аракеттенишүүсүн мындан ары күчөтүү, республиканын Евразиялык мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерге катышуу маселелери талкууланды.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, мамлекет башчы билим берүү, илим, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү кыргыз-орусиялык байланыштарды кеңейтүү керектигин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан