Тышкы иштер министрлиги 18-мартта министрлик жана мекемелердин кызматкерлери үчүн атайын жыйын өткөрдү. Максат - мамлекеттик органдардын тышкы саясат боюнча ишмердүүлүгүнүн тартиби боюнча түшүндүрмө берүү. "Бул иш-чара эл аралык ишмердүүлүктү камсыздоодо мамлекеттик органдардын аракетине тийиштүү маселе боюнча мамлекеттик кызматкерлердин билим деңгээлин көтөрүүгө багытталды. Жыйынга министрлик жана мекемелердин тышкы байланыш жана эл аралык кызматташтыкка жооптуу 40тай өкүлү катышты",- деп билдирет ТИМдин басма сөз кызматы.
Мындай жыйындар башка мамлекеттик органдарда да болору айтылды.