Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу орусиялык басылмалар кыргыз мамлекетинин аброюна шек келтирип жатышканын айтып, буга кыргыз тарап тийиштүү чара көрүшү керектигин билдирди. "Орусиянын Эл аралык изилдөөлөр институтунун башчысы "Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү Борбор Азияда эң алсыз" деп жазып жатат. Биздин күч түзүмдөрүбүз алсыз эмес, экстремизмге, терроризмге каршы тура аларын далилдеген. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде жакшы, коңшу өлкөлөр күчтөрүн өз элине каршы жумшап жатышат. Бизде да аталган институт бар, иликтеп чыгып жооп кайтарышы керек",- деди депутат.