Бишкек шаарында көп балалуу энелерге Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь районунда 24 көп балалуу энеге медаль-ордендер тапшырылды. Анын ичинен 19 энеге Баатыр эне, 5 энеге Эне даңкы орден-медалдары тапшырылды. Ошондой эле Биринчи Май районунда жашаган 55 көп балалуу эне медаль-ордендер менен сыйланды. Алардын ичинен 11 энеге Эне даңкы ордени жана 44 энеге Баатыр эне медалы ыйгарылды.
Райондук администрация тарабынан медаль-ордендерди тапшыруу аземине чакырылган энелерге майрамдык дасторкон жайылып, аларга гүл жана баалуу белектер тапшырылды.